Ушунча бактысызбызбы? Кыргызстан эң бактылуу өлкөлөрдүн сексен алтынчы сабында

Бириккен Улуттар уюму 20-март “Бакыт күнүнө” карата жыл сайын бактылуу өлкөлөрдүн тизмесин жарыялайт. 

Быйыл тизменин алдыңкы сабына Финляндия мамлекети чыкты. Кийинки орундуктарда Норвегия, Дания өлкөлөрү турат.

Алдыңкы ондуктун тизмесинде Исландия, Швейцария, Нидерланды, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия өлкөлөрү да бар.

Ал эми коңшу Өзбекстан мамлекети 44-орунду ээлесе, Казакстан 60, Тажикстан 80-орунда жайгашкан. Кыргызстан тизмеден 86- сапка илешти.

Аталган тизмеге жалпы 156 мамлекет кирген. Анда жашоочулардын бактылуулук деңгээли, калктын санына жараша ички дүң продукциянын көлөмү, өмүрүнүн узактыгы, мамлекет тарабынан социалдык колдоолор, жашоого болгон тандоо укуктары, марттык жана ишеним (коррупциянын деңгээли) сыяктуу критерийлер менен ченелген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика