Биздин келечектеги борбор шаарыбыз Бишкек

Иллюстративдик сүрөт: Пикабу

Франция Эйфель мунарасы, Орусия Кызыл Аянты, Япония сакурасы, ал эми Кыргызстан бир кездеги жашыл Фрунзеси менен сыймыктанып келген.

Албетте, шаар жашарып, шарттар түзүлүп, кең көчөлөр, бийик үйлөр курулганы жакшы. Бирок мени, Кыргызстандын жараны катары борбор калаанын азыркы абалы өтө ойлондурат.

Мен жер тартыш маалда шаар туурасына эмес, бийикке карай өсүшүнө каршы эмесмин. Көп кабаттуу үйлөрдү бюджет тартыштыгынан улам мамлекет кура албайт, а жеке компаниялар өтө көп турак-жайларды тургузууда.

Ошол бийик-бийик үйлөрдү карап отуруп, мен бир бүтүмгө келдим – архитектуралык, курулуш эрежелерин сактаган, балдар аянтчасы, жашылдандыруу зонасы жана унаа токтотуу жайын кошо курган ак ниет компаниялар аз. Буга чейин пайдаланууга берилген айрым үйлөрдүн балдар аянтчасы, парковкалары, ал тургай, жашыл зонасы жок. Ушундай курулуш компанияларына катуу чара көрүүгө убакыт келди.

Биз сүйүктүү Бишкек шаарыбызга бир кездеги жашыл шаар деген макамды кайтаруубуз керек. Курулуш компаниялар “Ихластан” үлгү алса болот, алардын бардык объектилеринде тиешелүү шарттар түзүлгөн, жашылдандырылган.

“Элдин үнү” жарандык коомунун  башчысы

Амат Тажиматов

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of