Көк бөрүнүн кичинекей күйөрманы Бишкек мэринен белек алды. Видео

Нооруз майрамына карата “Ак Кула” ат майданындагы көк бөрү оюнуна жан дили менен берилип, командасына ыйлап күйөрмандык кылган 11 жаштагы Алихан Кенжебек уулунун видеосу социалдык тармактарда желдей тарады.

Баарынын жүрөгүн элжиреткен жаш күйөрманды бүгүн, 22-мартта Бишкек мэриясы  сыйлады. Мэр Азиз Суракматов Алиханга эр-токум, борбор калаанын тарыхы тууралуу китеп жана смартфон белекке берди.

Алихан Чолпон-Атадагы Ишенбай Абдразаков атындагы орто мектебинин окуучусу. Ал Бишкекке улак көргөнү агалары менен бирге келген. Сүйүктүү командасын сүрөп жатып ыйлап жиберген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от КАЛЫС МЕДИА (@kalys.media)

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика