Курсан Асанов Ак-Сайдагы спорт комплекске ысымынын берилишине каршы болгон. Видео

Баткендин Ак-Сай айылындагы спорт комплекске  Курсан Асановдун ысымы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен ыйгарылган. Чек арадагы акыркы чатактан кийин аймакка барган ички иштер министрин алар ушундай “сюрприз”менен күтүп алган.

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев “Калыс Медиага” билдиргендей, Асанов мындай чечимге дароо каршы болуп, спорт комплекске мамлекетке эмгеги сиңген чоң ишмерлердин ысымын ыйгарууну сунуштаган.

“Курсан Асанов 2013-14-жылдары чек арада абал мындан да оор болуп турганда биз менен болгон. Акыркы учурда да телефондо тынбай байланышып, кийин өзү келди”,  -дейт Жолчиев. 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ысымы спорт комплекске коюлганы бүгүн белгилүү болгон. Көпчүлүк соцтармак колдонуучулары Ак-Сайда абал эми турукташып жаткан учурда бул чечим орунсуз экенин айтып, анын үстүнө киши тирүү кезинде мынтип ысым ыйгарууну сындашкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of