Финпол Жалал-Абадда мыйзамсыз алтын казган ишкерлерди аныктады

0

Ишкерлер мамлекеттин казынасына ири суммадагы зыян келтирген. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Токтогулда “К” жоопкерчилиги чектелген коому алтынды мыйзамсыз казып келгенин аныктады.

Мекеменин маалыматы боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кен пайдаланууга уруксаты бар күбөлүктү көрсөткөнгө чейин казуу иштерине тыюу салган. Бирок ишкерлер мыйзамсыз иш жүргүзүп, мамлекеттин казынасына ири суммадагы зыян келтирген.

Каржы полициясы ЖЧКдан 900 миң сомдон ашык чыгымды кайтарды. Азыркы тапта аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of