ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери айып пулдан 1 млн сомдон ашуун акча өөнөп алган

0
Сүрөт: Спутник

Бишкек шаардык прокуратурасы жана ИИМдин ички иликтөө кызматы Ички иштер министрлигинин Свердлов жана Ленин райондорунун башкармалыктарынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери өөнөп алган 1 млн 40 миң сомдун изин таап чыгышты.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлагандай, тартип коргоо кызматкерлери административдик мыйзам бузуу жана виза режимин бузган чет өлкөлүктөр төлөгөн айып пулдан түшкөн каражатты өз пайдалары үчүн жумшаган.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлери “Р” аттуу компания менен ич ара келишим түзүп, айып пул катары алына турган каражатты компаниянын кассасы аркылуу өздөрү алып турушкан.

Бул факты боюнча улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тергөө иштерин баштап, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of