Кийинки аптада Бишкектин дагы ондой кесилишинде видеокамералар ишке кирет

0

5-апрелден тарта Бишкек шаарында “Коопсуз шаардын алкагында” дагы 9 кесилиш жана эки өтмөктө видеокамералар иштей баштайт. Бул тууралуу жумушту аткарып жаткан “Вега” ишканасынан билдиришти. 

Тизме менен таанышыңыз:

  1. Бөкөнбаев көчөсү –  Манас проспектиси;
  2. Чүй проспектиси –  Манас проспектиси;
  3. Чүй проспектиси –  Павлов көчөсү;
  4. Жибек Жолу проспектиси –  Манас проспектиси;
  5. Махатма Ганди көчөсү – Боталиев көчөсү;
  6. Жибек Жолу проспектиси –  Курманджан Датка көчөсү;
  7. Ахунбаев көчөсү-  Байтик Баатыр көчөсү;
  8. Чүй проспектиси – Абдрахманов көчөсү;
  9. Байтик Баатыр көчөсү – М. Горький көчөсү;
  10. Шабдан Баатыр көчөсүндөгү өтмөк;
  11. Ибраимов көчөсүндөгү өтмөк.

Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында пландалган бардык кесилиштер жана тосмолор жарыкка жана аба байланышына туташтырылды. Ишти илгерилетүү үчүн кошумча күч тартылды.

 

Бүгүн «Коопсуз шаар» иштей баштады. Сиз бул маалыматты сөзсүз билишиңиз керек

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of