Президент Путиндин келишине даярдыкты талкуулады

0
Иш-сапарды талкулоо учуру. Сүрөт С. Досалиевдики

Бүгүн, 25-мартта президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, РФнын өлкө башчысы Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдыкты талкуулады. 

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда министр Айдарбеков визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер айтылды.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Россиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен Кыргызстанга  28-мартта келет.

Владимир Путиндин Кыргызстанга келери кабарланды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of