“Разаков – Тажикстандын чалгынчысы” деген маалыматты өкмөт төгүндөдү

0

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Разаковду иштен убактылуу четтетип, комиссия түзүүнү сунуштаган.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун “тажик чалгындоосуна тиешеси бар” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аткаруу бийлиги Разаковдун айланасында айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган маалымат жалган  жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ деп эсептейт.

“Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү. Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген. Вице-премьер-министрдин тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда“, -дейт өкмөттүн маалымат кызматы.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Разаковдун айланасында айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзөт. Ошондой эле жыйынтыгында укук коргоо органдары өз баасын берери белгиленген.

Буга чейин соцтармакта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын агенти деген маалыматтар тараган. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов Разаковду иштен убактылуу четтетип, комиссия түзүүнү сунуштаган.

Разаков Тажикстандын агентиби? Шыкмаматов комиссия түзүүнү сунуштады

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of