Аида Касымалиева Токтогулдагы авариялык мектептен кабар алды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Токтогул районуна болгон иш сапарында социалдык обьектилерди кыдырып, элдер менен жолугушту. 

Депутат авариялык абалдагы Мамыров орто мектебинин имараты менен таанышып, өкмөт тез арада маселеге көңүл бурушу керектигин айтты.

Мектеп ашар жолу менен салынгандыктан, азыр начар абалга кептелип, окуучулардын өмүрү коркунучта.

Класстары кичине болгондуктан, окуучулар батпай үч мөөнөттө окуп жатышат. Полу да жок, сыз жерде окуучулар аргасыздан отурушат. Бул окуучулардын ден соолугуна аябай зыян. Андыктан тез арада жаңы мектепти салуу жагы каралышы керек”, – деди Касымалиева.

Вице-спикер мындан сырткары “Кызгалдак” балдар бакчасынын, Нурманбетов орто мектебинин, райондук оорукананын абалы менен таанышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика