Аксайлыктар аялдар үчүн чакан ишканаларды ачууну суранып жатат

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Абиш Халмурзаев Ак-Сай айылындагы тургундар менен жолукту. Жерглиликтүулөр бир катар социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн айтты.

Биринчиден, айылдагы орто мектепти ремонттон өткөрүү керек. Компьютердик класс ачуу абзел. Халмурзаев бул маселелердин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Тургундар Ак-Сайда кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоо зарылчылыгын айтып, кондитердик жана тигүү цехтери сыяктуу чакан ишканаларды ачууну суранды.

Халмурзаев Өзбекстандын чектеш облустары менен биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Жергиликтүү кыз-келиндерди Фергана облусундагы ишканаларга тажрыйба үчүн барып келүүгө чакырды.

Мындан сырткары Бакай жаңы конушуна таза суу жана сугат суу жеткирүү маселелси көтөрүлдү. Бул боюнча жеринде тапшырмалар берилди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылында 3 миңдей адам жашайт. Жогорку Кеңеш Ак-Сай баштаган чек арадагы айылдардын маселелерин, кыргы-тажик чек арасын тактоо иштерин 3-апрелде карайт.

13-14-мартта кыргыз-тажик чек арасында чатак орун алды. ыргыз тарап Ак-Сай – Тамдык көз карандысыз жолунун курулушун баштамакчы болгондо, кошуна өлкөнүн тургундары буга каршы чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of