Тимати Бишкектеги бургерканасынын ачылышына 20 миң адам келгенин айтты

Кечээ Бишкектеги соода борборлорунун биринде орусиялык ырчы Тиматинин Blackstarburger тез татым тармагы расмий ачылды. Бул окуя азыр соцтармакта эң көп талкуулаган темага айланды.

Бургеркананын ачылышына ырчынын эсебинде 20 миң адам келген.

Тиматинин бургерканасына мынтип элдин көп келгени соцтармакта талкууга жем таштады. Айрымдар “бекер тамак десе, жабылып бара калгандарды” катуу сындаса, башкалар жаштар ал жерге бургер үчүн эмес, Тимати үчүн барганын жазууда.

Ырчы Анжелика салтанатта жаш балдар тыгында калганын айтты.

Тез жардам кызматы жети  адам жараат алганын “Супер.кж” порталына билдирди. Ачылышка саясатчы Ахматбек Келдибеков да барганы назарга илинди.

Тосмодон секиргени да болду, жоголгон балдар да болду. Бирок тартип сакчылары абалды көзөмөлдөй алды.

Соода борборунун айланасында эл көп болгону үчүн жолдо унаа тыгыны орун алды,  жүргүнчүлөр Тиматиден баштап жергиликтүү бийликти кошо жемеледи.

Кызыгы, бекер бургерден кийин айрымдар үйлөрүнө бут кийимсиз кетти.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Вот и все , Тимати уехал..

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video)

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика