Кыргызстан менен Россия билим берүү жаатында 70тен ашык меморандумга кол коет

Учурда Кыргызстандын 15 миңден ашык студенти Орусияда билим алат. 

Бишкекте өтүп жаткан “Билим берүү жана илимди өнүктүрүү — келечекке инвестиция” аталышындагы Кыргызстан менен Орусия ректорлорунун форумунда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөгө дүйнөнү тааныта турган эле эмес, экономиканы, коомдун турумушун жакшы жагына өзгөртүүгө көмөктөшчү билим берүү системасы керектигин билдирди.

“Бүгүн форумдун бардык катышуучуларында эки өлкөнүн өнүгүшүнүн азыркы баскычында жогорку мектептин алдында турган милдеттерди кеңири талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Форумда кесипкөй кадрларды биргелешип даярдоо маселелерине көңүл бурулат деп ишенем”, – деди Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчы аталган иш чарада биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү механизмдерин аныктоо зарылдыгын кошумчалады.

Форумда Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков акыркы жылдары ал жактан билим алууга жана орус тилин үйрөнүүгө кызыкдар болгон кыргызстандык студенттер көбөйүп жатканын белгиледи.

Министрдин маалыматында, учурда Кыргызстандын 15 миңден ашык жаштары Орусияда билим алат. Алар көбүнчө экономика, юриспруденция, эл аралык мамилелер, менеджмент жана инженердик программалоо адистигин тандашарын белгиледи.

Ал эми Орусиянын болсо 1,5 миң жараны бул жакта окуп жатат. Бүгүнкү форумдун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда 70тен ашык меморандумга кол коюлары күтүлүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of