“Газпром” 5 жылда Кыргызстанга 26,5 млрд рубль инвестициялады

«Газпром» компаниясы Кыргызстандын ички рыногуна кирүүдө беш жылдын ичинде 20 млрд рубль инвестиция салууга милдеттенген. Бүгүнкү күнү «Газпромдун»  инвестицияларынын жалпы суммасы 26,5 млрд рублди түзөт.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин жолугушуусунда маалым болду деп билдирет – өкмөттүн маалымат кызматы.

Жолугушууда тараптар биргелешкен кызматташуунун актуалдуу темаларын, ошондой эле Кыргызстандын газ тармагын мындан ары карай өнүктүрүү, газ менен камсыздоо объекттерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнчакомпаниянын пландарын талкуулашты.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул жолугушуунун алкагында бир катар келишимдерге, анын ичинде «Газпром» ААК менен келечектүү кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, компания өлкө үчүн ири инвестор катары гана эмес, анын көптөгөн социалдык маселелерин дагы чечүүдө.

“Кыргыз тарап биргелешкен кызматташуунун алкагында жаңы долбоорлорду талкуулоого жана ишке ашырууга даяр”,-деди Абылгазиев.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика