Кыргызстан менен Орусия 17 документке кол койду. Тизме

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча 17 документке кол коюлду. Бул тууралуу РФ президентинин басма сөз кызматы билдирди. 

Документтердин толук тизмесин сунуштайбыз:

  1. Орусиянын Кыргызстандын аймагындагы аскердик базасынын макамы жана бул жакта ишмердүүлүк жүргүзүү шарттарына өзгөртүү-толуктоолорду киризигүү протоколу;
  2. “Газпромдон” “Кыргызнефтегазга” инвестиция тартуу боюнча жол картасы;
  3. Фельдъегерск-почта байланышы жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу;
  4. Нефть жана нефти продуктуларын ташып келүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүү киргизүү;
  5. Соода-экономикалык кызматташууну жандандыруу жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашуу боюнча меморандум;
  6. PatSearch маалыматтык-издөө системасын пайдаланууга уруксат берүү макулдашуусу;
  7. Кыргызстандын ичиндеги темир жол тармагын өнүктүрүү долбоорлору боюнча кызматташуу меморандуму;
  8. Эки өлкөнүн Билим берүү министрликтеринин ортосундагы кызматташуу меморандуму;
  9. Эки өлкөнүн дене тарбия, спорт тармагын тейлеген түзүмдөрүнүн кызматташуу меморандуму;
  10. Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү боюнча кызматташуу боюнча макулдашуусу;
  11. Орусиянын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиги менен Кыргызстандын Мамлекеттик дин комиссиясынын ортосундагы кызматташуу меморандуму;
  12. «Банк ВТБ», «Группа Альянс» жана «Альянс Алтын» ишканаларынын ортосундагы кызматташуу меморандуму;
  13. Орусиянын Түз инвестициялар фонду менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кызматташуу тууралуу меморандуму;
  14.  “ВЭБ.РФ” мамлекеттер аралык өнүгүү корпорациясы, «Авелар Солар Технолоджи», «Хевел» ЖЧКлары менен «Астра»компанияларынын  ортосундагы кызматташуу ниети боюнча меморандум;
  15. Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын кызматташуусу боюнча 2019-21-жылдарга жол картасы;
  16. Орусиянын ректорлор союзу менен КРнын ЖОЖдор ассоциациясынын ортосунда кызматташуу боюнча макулдашуу;
  17. РФтин Президентинин алдындагы элдик чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы менен КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташуу меморандуму.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика