Кыргызстан-Орусия: кумшекер чыгаруучу биргелешкен ишкана курулат

Кыргызстандагы «Кошой» жана «Кайыңды Кант» заводдору, айыл чарба жана мелиорация министрлиги орусиялык «Продимпекс» компаниясы менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Расмий документ сегизинчи кыргыз-орус аймак аралык конференциясында кабыл алынды.

Кызматташуу келишимине ылайык, эки тарап кум шекер чыгаруучу биргелешкен ишкана курмакчы.

«Продимекс» заводунун директорунун орун басары Дмитрий Пискунов Орусия тарап биринчи кезекте кыргызстандык заводдорду башка өлкөлөрдөн кирип жаткан арзан кум шекер импортунан коргойт деп ишендирди.

“Биз жергиликтүү өндурүучүлөр үчүн каражат бергенге даярбыз. Жакында бул багытта практикалык жумуштарды баштайбыз”,-деди Пискунов.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын кум шекерге болгон жылдк керектөөсү 150 миң тоннага жакын. Бул керектөөнүн 10 пайызын гана өлкө камсыз кылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика