Орусиянын Кыргызстандагы аскердик базасынын аянты 60 гектарга кеңейеби?

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабаныны башчысы Раимберди Дүйшөмбиев Орусиянын Канттагы аскердик базасынын макамы жана бул жакта ишмердүүлүк жүргүзүү шарттарына кандай өзгөртүү-толуктоолор киризилгенин “Акипресске” айтып берди.

Жаңы келишимге ылайык, төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

Орус тарап Кыргызстандын аскерлерин учкучсуз жабдууларды башкарууну үйрөтөт, өлкө жана аскер базанын коопсуздугун коргоо үчүн аны биргеликте колдонушат


 

Канттагы аэродромдун учуу-конуу тилкесин модернизациялоо


 

Ысык-Көлдөгү суу астындагы куралдарды сыноо базасынын жерин колдонуу үчүн Кант аскер базасынын ижарасын  4,5 млн доллардан 4,79 млн долларга көтөрүү


 

Бул протоколго кол коюу менен тараптар мындан ары аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө бел байлаганы көрүнүп турат. Мындан сырткары Орусияда 500дөн ашуун кыргызстандык аскер кызматкерлери билим алышат“,-деди Дүйшөмбиев.

Азырынча Кыргызстан ижара акы эмнеге көбөйгөнүн расмий ачыктай элек. Орустардын ТАСС басылмасы аскердик объектилердин жалпы аянты 60 гектарга кеңейе турганын айтууда.

  • Кыргызстанда Орусиянын Бириккен базасы жайгашкан: анын курамына Ысык-Көлдөгү сыноо базасы, Майлуу-Суудагы сейсмологиялык станция, Чүйдүн Чалдыбарындагы аскер-деңиз флотунун байланыш түйүнү жана Канттагы авиабаза кирет.
  • Эскерте кетсек, Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган биринчи мамлекеттик иш сапарында 17 документке кол коюлду.

Путин: Кыргызстан — Орусиянын стратегиялык өнөктөшү

Путин: кол коюлган келишимдердин өңчөй бөлүгү экономика жаатында болду

Жээнбеков: ЕАЭБ алкагындагы Орусиянын колдоосун жогору баалайбыз

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика