Ош: сел жүрүү коркунучу бар аймакка 500 түп көчөт тигилди

Жер кыртышынын бузулушун алдын алып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте Озгур айылындагы адырга 500 түп көчөт тикти.

Айылдагы аталган жер тилкеси жаан-чачын болгон мезгилде сел суулары коркунуч жаратып келген. Мындан улам жер кыртышынын бузулушуна алып келүүчү 0,7 га жер аянтты жашылдандыруу ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын планына киргизилип, натыйжада 20,7 га жерге 200 түп бадам, 200 түп өрүк, 100 түп айланта отургузулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында Озгур айылынын жогору тарабындагы 15 турак-жай, автоунаа өтүүчү жол жана төмөндөгү “Южный” каналынын 500 метр аралыктагы жер кыртышынын бузулушунун алдын алынып, сакталмакчы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика