Путин: кол коюлган келишимдердин өңчөй бөлүгү экономика жаатында болду

Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Орусиянын президенти Владимир Путин бул жолку сапарда кол коюлган документтердин ичинен соода-экономикалык кызматташтык, товар жүгүртүүгө көп көңүл бурулганын билдирди.

Орус лидери эки тараптуу сооданын динамикасы жогорулап жатканын, өткөн жылы өсүү 17 пайыз болгонун, каражат 2 млрд. долларга жеткенин белгиледи. Ошондой эле январь айында товар жүгүртүү 25 пайызга чыкканын кошумчалады.

«Кыргыз-орус фонду аркылуу түз инвестициянын келиши шартталууда. Бүгүнкү күнгө карата жалпы көлөмү 350 млн. долларга жетти. Орусиядан келген инвестиция 200 млн. доллардан ашты. Орусиялык ишканалар кыргыз экономикасынын бардык секторлорунда бар. Кыргыз-орус биргелешкен 700дөн ашуун ишкана бар”,-деди Путин.

Ошондой эле Путин орусиялык БИОгруппа Кыргызстанда заманбап жарык чыгаруучу жабууларды чыгарууга даяр экенин кошумчалады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика