Путинге каршы митингге чыккан жубайлар эки айга камакка алынды

Нурлан Карымшаков менен жубайы

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту активист Нурлан Карымшаков менен анын жубайын эки айга камоо чечимин чыгарды.

Кечээ, 27-мартта жарандык активист Нурлан Карымшаков менен жубайын Орусия элчилигинин алдына “Путин-агрессор” деген плакатты көтөрүп чыкканы үчүн камашканын “Калыс Медиага” укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, активист менен жубайынын колунда “Путин – агрессор, оккупант, киши өлтүргүч”, “Бизге аскер базанын кереги жок, бомбанын, жардыруунун кереги жок” деген жазуу болгон. Мындан улам Бишкек шаардык Биринчи Май райондук милициясы Кылмыш жана Жаза кодексинин 313-беренеси “Улуттар аралык кастыкты козутуу” боюнча айып тагып, убактылуу кармоо жайына киргизген.

“Райондук сот Карымшаковдун үйүн да тинтүүгө да алды. Ал өзү уруксат берди. Азыр жубайы экөө тең ички иштер башкармалыгында кармалууда. Милиция аларга дээрлик 15 саат бою тамак киргизгенге уруксат берген жок. Бүгүн таңкы саат төрттө араң тамак киргиздик. Карымшаковдун бул кадамын “тынчтык митинги” деп атасак болот. Эмне үчүн ар кандай акцияларды уюштурган “Кырк чоронун” кыймылын кармап кетпейт? Анткени алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) айтканы менен иштейт”, -деди Карасартова. 

Карасартованын пикиринде, Нурлан Карымшаковдун пикетке чыгышы биринчи жолу эмес. Ал буга чейин деле ушундай эле чакырык менен акцияга чыгып жүргөн.

Бүгүн, 28-мартта Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу болууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of