Жээнбеков менен Путиндин расмий жолугушуусу башталды. Видео

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Орусиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи башталды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары Улуттук гвардиянын Ардактуу кароолу менен учурашып, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышышты.

Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен 30га жакын документтерге кол коюлушулу күтүлүүдө. Андан ары президенттер журналисттерге биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Кыргызстанга 19 жылдан бери биринчи ирет мамлекеттик иш сапары менен президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча келди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика