Бишкекке жакын жерде кичи автобус оодарылып, өспүрүм жаракат алды

Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо кичи автобус оодарылып, 13 жаштагы өспүрүм кыз жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ, 28-мартта саат 16:00-16:30 ортосунда айланма жолго жакын Милян-Фан айылында болгон. Нарындан Бишкекти көздөй келе жаткан “Мерседес-Бенцти”  “Ауди”  аркасынан келип сүзгөн.

Соккудан улам кичи автобус оодарылып кетип, жеңил унаанын ичиндеги өспүрүм кыз жабыркады.

Азыркы тапта кырсыктын чоо-жайы аныкталып жатат. Эки машина тең убактылуу токтотуу жайына киргизилди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of