Миллер: «Газпром» бардык макулдашууларды кечиктирбей аткарат

Президент Сооронбай Жээнбеков «Газпром» коомдук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга көмөк болооруна ишенимин билдирди.

Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толугу менен ишке ашырылат деп ишендирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын мунайгаз тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Жакында эле Миллер өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу учурунда “Газпром” компаниясы Кыргызстандын ички рыногуна кирген беш жылдын ичинде 20 млрд. рубль инвестиция салууга милдеттенгенин, бүгүнкү күнү «Газпромдун»  инвестицияларынын жалпы суммасы 26,5 млрд рублди түзгөнүн айткан жайы бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика