Жүздөн ашык жүк унаасы кыргыз-казак чек арасынан өтө албай турат

Иллюстративдик сүрөт: Азаттык

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде ушул тапта 120-130 чамасында оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турат. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

Анын айтымында, казак тарап азык-түлүк сыяктуу күнүмдүк керектөө товарларын өтө кылдат текшерип жатат. Казакстан өз талаптарына туура келбеген жүктөрдү аймагына киргизбей койгон. Бирок ошол жүктөр жүктөлгөн унаалар ары кире албай, бирок артка да кайтпай, чек арада топтолуп турат. Экинчиден, товарлар өтө кылдат текшерилип, көп убакытты алууда.

Эки өлкөнүн чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында мындай көрүнүш жок. Ал эми кыргыз тарап коңшуларды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатат. Ушундай эле жагдай он күн мурда да орун алган.

Кыргыз-казак чек арасынан 100дөй жүк унаасы өтө албай турат

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of