Казакстан: кыргыз өндүрүшүндөгү товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүп жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде ушул тапта 150гө жакын оор жүк ташуучу автоунаалар өтө албай турат. Узун кезек фуралардын бажы текшерүүсүнөн өткүсү келбегенинен улам жаралып жатканын Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазды. 

Казак бажычыларынын айтымында,  тыюу салынган товарларды аныктоо үчүн зарыл учурда кошумча текшерүү болуп турат. 27-марттан бери “Карасу” өткөрүү пункту аркылуу кытай жана түрк товарларын алып келе жаткан тогуз унаа текшерилген. Бардыгынын товарларга документтери жетишсиз болуп чыккан.

Мындан сырткары 40 унаа документтерди кайрадан тууралап келүү үчүн  Кыргызстанга кайтарылган.

“Мыйзам бузуулар импорттук товарлардан гана табылып жатат, кыргыз өндүрүшүндөгү товарлардын баары жайында”, – дешти казак бажычылары. 

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында топтолгон автоунаалардын саны 200дөн ашканын, коңшу өлкө азык-түлүк сыяктуу күнүмдүк керектөө товарларын өтө кылдат текшерип жатканын билдирди. Алардын маалыматында казак бажычылары ар бир фураны 15-20 мүнөт текшерип жатат.

Эки өлкөнүн чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында мындай көрүнүш жок. Ал эми кыргыз тарап коңшуларды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатат. Ушундай эле жагдай он күн мурда да орун алган.

Кыргыз-казак чек арасында топтолгон автоунаалардын саны 200дөн ашты

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of