Ошто май айында жаңы ФАП пайдаланууга берилет

Ош шаарынын Арек айылына курулуп жаткан заманбап фельдшердик-акушердик пункт  май айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 1-апрелде ФАПтын курулушу менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

ФАПтын айланасы тосулуп, адамдар басуучу жолдору да оңдолууда.

“Шаарга караган айылдарда мектеп, бала бакча, ФАП сөзсүз түрдө болуш керек. ФАПтын курулуш сапатына өзгөчө көңүл бургула. Анткени эл пайдаланат. Шаарда курулган кандай гана курулуш болбосун адамдар көп жыл пайдаланыш керек”, – деди мэр  Сарыбашов.

ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика