Ак-Сай-Тамдык жолу жүк ташуучу унаалар үчүн кеңейтилет

Ак-Сай – Тамдык жолунун айрым тилкелери оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү үчүн кеңейтилет.

Күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган жолдун курулуш иштери менен таанышып жатып, жолду кеңейтүү тапшырмасын Транспорт жана жолдор министрлигине тапшырган.

Абылгазиев жолдун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, бардык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү да табыштаган.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, жалпы узундугу 25 чакырым болгон Ак-Сай – Рават жолунун курулушу 2014-жылдын январында башталган. Бүгүнкү күнү жолдун 18 чакырымы бүткөн.

Бул унаа жолдун курулушу Кыргызстандын аймагы боюнча Баткен районунун чектеш аймактарында тоскоолдуксуз унаа каттамдарын камсыз кылууну шарттайт.

Март айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ушул жолдун курулушунан улам чыккан.

Чырга “чырак” болгон Ак-Сай-Тамдык жолунун таржымалы

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of