УКМК: Зилалиев жоопкерчиликтен качууну көздөөдө

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы четке кагып, Зилалиев жоопкерчиликтен кутулууну көздөөдө деп сыпаттады.

Бул тууралуу атайын кызматтын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Зилалиев кайрылуусун жактоочулары аркылуу таратып, анда УКМК андан Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүсүн талап кылганы айтылган. Аны менен бирге жакындарына жана туугандарына кысым болуп жатканын да айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Зилалиев көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгына карабай, кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары уланып жатканын, ал коомчулуктун оюн буруу үчүн буга чейин да “адаттан тыш” кайрылууларды жасап келгенин жүйө келтирди.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата өткөн жылы эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси, президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтүп жаткан күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шартуу мөөнөткө кесилген.

Экинчиси, ал мыйзамсыз байыган деп айыпталып, кирешесин декларацияда толук көрсөтпөгөнүн айтып, үйүн тинтүү учурунда көп суммадагы акча, баалуу буюмдарды таап чыгышкан.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика