“Айыл банк” менен “РСК банктын” төрагалары иштен алынды

Кайрат Маматов менен Айбек Абдылдаевдин иш мөөнөтү негизи 2020-жылда бүтмөк.

“Айыл банктын” төрагасы Кайрат Маматов менен “РСКнын” төрагасы Айбек Абдылдаев ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматы билдирди.

“Айыл Банктын” директорлор кеңешинин жана төрагасынын кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин акционерлер 29-март күнү кабыл алган. Ушундай эле кадамга “РСК банк” акционерлери дагы барышты.

Кайрат Маматов менен Айбек Абдылдаевдин иш мөөнөтү негизи 2020-жылда бүтмөк. Алар жаңы директор шайланганга чейин штаттык режимде милдетин аткарып турушат.

Эки банктын директорлор кеңешинин жаңы курамын тандоо апрель айында болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика