Бишкекте төрөлгөн төрт эмге күбөлүк берилди. Видео

25-февралда Бишкекте төрөлгөн төрт эмге бүгүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Ар бир балага 4 миң сомдон, жалпы 16 миң сом сүйүнчү пул ыйгарылды. 

Арууке, Айчолпон, Акбермет, Сооронбайдын жана алардын энесинин абалы жакшы. Орточо 1,4 кг салмакта төрөлгөн ымыркайлар бул аралыкта дээрлик 300-400 граммдан салмак кошкон. Балдарга өзгөчө камкордук, массаж керек. Төрт эмдин апасы менен чоң энесине мунун баарын дарыгерлер бир ай ичинде үйрөтүп берген.

Ымыркайлар эртең ооруканадан үйгө чыгып кетет. Үй-бүлөнүн өз батири жок, ижарада турушат. Азырынча бийлик өкүлдөрүнөн жардам көрсөтүү боюнча эч кандай убадалар айтыла элек. Төрт эмдин күнүмдүк керектөөлөрүнө жеке адамдар көмөк көрсөтүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of