Абылгазиев жол эрежесин бузуудан түшкөн каражат кайда жумшоо керек экенин айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежерин бузуудан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн тез жардам кызматтарынын техникалык абалын жакшыртууга жумшоо керек экенин сунуштады.

Мындай пикирин өкмөт башчы өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында 20-апрелге чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат. Ал эми жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видеобайкоо камералары орнотулат.

“Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсе кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз болот”,-деди Абылгазиев.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of