Муфтият ажы башчыларды тандап жатат

Кыргызстандан “Ажылык-2019” зыяратына аттангандарды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоо башталды.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, талапкерлер 4-апрелден 19-апрелге чейин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы ажыларды серверге каттоочу операторлоруна кайрыла алышат.

Болочок ажы башчылар атайын тест тапшырышат. Ийгиликтүү өткөндөрдүн саны бөлүнгөн квотадан ашып кетсе, баарлашуу аркылуу тандалат.

Талаптары:

  • Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо тартиби биометрикалык ID-паспорттун негизинде жүргүзүлөт;
  • Талапкердин өз колу менен Азирети Муфтийге жазылган арызы;
  • Талапкердин резюмеси;
  • КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары иштеп жаткандыгы туралуу маалым кат же буйрук; (Буйрук 2019-жылдын 10-мартына чейин чыгарылган болуусу шарт. 2019-жылдын 11- мартынан кийин берилген буйруктар ажы башчылыкка кабыл алынбайт);
  • Ажы башчылыкка талапкер кызмат өтөгөн аймакта жумуш ордуна бекиткен буйругунун негизинде тийиштүү казыяттын эсебинде каттоого алынат;
  • Биометрикалык ID-паспорттун көчүрмөсү;
  • Тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү (биометрикалык жана тышкы паспорттордун көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);
  • 3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовой кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).
  • Ажы башчылыкка талапкерлерден КРнын Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалым кат талап кылынат.
  • Ажы башчылыкка талапкер, ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт; (Ажылык визасынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаңылаган болсо казыяттан ажылык парзын өтөгөн же умрага баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат)
  • 2018-жылы ажы башчы болгон талапкерлер 2019-жылдагы тандоого катыша алышпайт;
  • Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 55  жаштан ашпоого тийиш;
  • Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (өзгөчө: word, excel ж.б.);
  • Ажы башчылыкка талапкерлерден республикалык психоневрологиялык жана к кожвендиспансерден учетто турбагандыгы тууралуу маалым кат талап кылынат;
  • Ажы башчылыкка талапкерлердин иш кагаздарын казыяттардын алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат;
  • Ар бир талапкерден өзүнө тиешелүү болгон жергиликтүү казыяттардан ажы башчылыкка сунуштоо аныктама талап кылынат;
  • Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (ажылык маселесин) жакшы билип, сынак тапшыруусу;
  • Араб тилин билүүсү;
  • Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
  • Виза алуу учурларда, мурда ажыга барган ажы башчылыкка талапкерлерге кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажы башчылыкка талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажы башчыга  тааныштырып, каттоого алат)

Эске салсак, Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлгөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of