“Альфа Телекомдун”мурдагы жетекчисинин жазасы бир жылга кыскарды

"Мегаком" компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек

“Альфа Телеком” ишканасынын мурдагы директору Азамат Мурзалиевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскартылды. Бул тууралуу анын адвокаттары кабарлашты. Алардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу арыз жазылып, Жогорку сот Мурзалиевдин ишин кайра караган.

Анын жыйынтыгында “Альфа Телекомдун” мурдагы менежеринин жаза мөөнөтү 12 жылдан 11 жылга кыскартылды. Бирок адвокаттар мындай чечимге нааразы болуп,”жаза мөөнөтү жок дегенде алты жылга кыскарышы керек болчу” деген пикирин билдиришүүдө.

2010-жылдагы апрель окуяларынан соң мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчилерине 2012-жылдын башында кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аларга “Альфа Телеком” ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып коюлган.

Бул иштин алкагында компаниянын мурдагы директору Азамат Мурзалиев 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков 25 жылга, “Новострой” ишканасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек сегиз жылга кесилген. Абеков менен Мурзалиев түрмөдө калып, Аман уулу мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of