Жээнбеков кантип президент шайланган? Ниязов Стамалиевага жооп берди

Фарид Ниязов Толгонай Стамалиеванын кечээги узун постун президент Сооронбай Жээнбековдун жүрүм-турумун актоо аракети катары баалады. Ал маалымат катчы ажонун командасы үчүн саткындык деген жагымсыз темадан элдин көңүлүн алаксытууга аракет кылууда дейт. 

Фарид Ниязов Стамалиеванынын жеке айыптоолору жана майда-барат таарынычтарына токтолбой турганын белгиледи.

Стамалиеванын дооматтары менен Ниязовдун жоопторун караңыз:

Стамалиева: … СДПК съезди талапкер катары Жээнбековду көрсөтөт делген менен, талапкер болчу Жээнбековдо ички толук ишеним жоктой сезилди. Аны бир бүдөмүк нерсе ойго салганы сезилип турду. Айткандай эле, съездде Чыныбай Турсунбеков өзүн өзү талапкер жарыялады. Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө купуя сыр тез эле ачыкталат эмеспи. Чыныбай Турсунбековго да Атамбаев өзү дем бергени кийин ачыкталды. Бир аз кийинчерээк Атамбаев өзүнүн жыйынтыктоочу пресс-конференциясында дагы бир талапкерге “акылы менен эмес, жан дүйнөсү менен жан тартаарын” билдирген. Ал талапкер – Бабанов Өмүрбек эле.

Ниязов: Атамбаевдин саясий кеңешчиси жана КСДПнын мурдагы жетекчилеринин бири катары мен так билем, 2016-жылдын башында эле социал-демократтардын президенттикке талапкерлеринин катарында Сооронбай Жээнбеков болгон. Мына ошондуктан Жээнбеков жетекчилик кызматтарга ырааты менен көтөрүлүп жатты – КСДП өкүлү катары премьер-министр болду.

Президенттикке талапкерди чыгаруу маалында партия ичинде талаш-тартыштар, мындай тандоого нааразылар көп болду. Бирок биз “башкысы элдин биримдиги” деп  партиялаштарды ынандыра алдык.

Стамалиева: …Жадагалса штабдагылардын арасында “Жээнбековдун штаб жетекчиси Ниязов өзү жеке Бабанов менен жолугуп, пиар иштери боюнча кеңешип турчу” деген күбүр сөз үгүт иштери бүткөнчө басылган эмес…

Ниязов: Үгүт маалына келсек, биздин штабды административдик ресурсту пайладаланууда деп кандай гана айыптоолорду айтышпады. Атамбаев башка талапкерлерди, биринчи кезекте Бабановду катуу сындаган, Жээнбековду ачык сүрөгөн. Бул көптүн эсинде болсо керек.

Атамбаев менен Назарбаевдин мамилеси Бабановдун казак президенти менен жолугушуусунан кийин начарлаганын эске салайын. Бул чатак Бабановдун рейтингине сокку уруп, Жээнбековдун пайдасына иштеген. Азыр деле Атамбаевди “Бабановду айдап”, “Жээнбековду алып келгени” үчүн сындап жатышат.

Стамалиева: …Бул ишенимсиз жагдайды Алмаз Шаршеновичтин “баары демократиялуу болушу керек” деген талабы менен Жээнбековдун премьерлик кызматтан кетип, талапкер аттанышы андан да катуу бекемдеп салды.

Биздин “Алмаз Шаршенович 2011-жылы премьерликтен кетпей эле, убактылуу милдетин токтотуп, президенттике аттанбады беле” деген суроолуу көз карашыбыз суроо бойдон кала берди…

Ниязов: Сооронбай Жээнбековду алга сүрөөнүн негизги стратегиялык линиясы аны Атамбаевдин мураскери жана тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары көрсөтүүгө негизделген. Бирок бул жетишсиз эле.

Исаковдун премьерлиги Жээнбековдун президент болушуна жардам болгонун жоопкерчилик менен айта алам. Штабдын мурдагы кызматкери катары эске салам: сурамжылоолордо биздин талапкер Бабановго бардык позицияларда уттуруп жаткан. Анын ичинде чынчылдык жагынан да.

Жээнбековдун утушу үчүн биздин команданы жаш тарапташ менен бекемдөө өтө зарыл эле. Сооронбай Жээнбеков менен жаш премьер технократ Сапар Исаков тандемде баратты, а өкмөт башчынын “Таза Коом” программасы реформалар боюнча элдин суроолоруна жооп болуп, Бабановдун шайлоо алдындагы программасына атаандаштык жаратты.

Стамалиева: Экс-президент мени 2017-жылдын 10-ноябрында аппараттын жаңы бөлүм башчысы катары кабыл алганда “Минскидеги жолугушууда эки тараптуу жолугушуу өткөрүп кереги жок” деп насаатын айтты.

(Минскте Жээнбеков Назарбаев менен жолугуп, ошол кезде эки өлкөнүн ортосундагы чыңалып турган мамилени, чек арадагы кырдаалды жөндөгөн. Стамалиева ушундан кийин эле Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси бузулганын айтат, – ред. )

Ниязов: Бул акылга сыйбайт. Жээнбековдун Минскидеги Назарбаев менен жолугушуусун, чек арадагы абалды жайгарганын Атамбаев кубануу менен кабыл алган. Анткени казак президенти менен ымала Бабановго шайлоодо артыкчылык бербөө үчүн бузулбады беле.

Президенттин маалымат катчысы айткан саткынчылык тема Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда бир топ кийин орун алды.


Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева кечээ Фейсбукка узун сабак пост жазып, Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын соңку кездеги ар кандай билдирүүлөрүнө жооп берген. Кыскача айтканда, Стамалиева Сооронбай Жээнбековду Атамбаев чын дили менен колдобогонун; үгүт иштеринде штаб өз талапкерин жакшылап сүрөй албаганын, акча аз бөлүнгөнүн; Атамбаевдин ант берүү аземине 1000 киши чакырылса, Жээнбековго 300 киши менен чектелет деп чечим чыкканын; Атамбаев Жээнбековго тышкы саясатты жөндөөдө өз буйругун берип, чектөөлөрдү койгонун айткан.

Кенен бул жактан окусаңыз болот:

Ниязов баштаган шайлоо штабы Жээнбековго каршы кантип иштеген? Стамалиева агынан жарылды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of