Депутат аким, айыл өкмөттөргө Орусиядан жаңы “Нива” алып берүүнү сунуштады

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата аким, айыл өкмөт башчыларынын кызматтык унааларын жаңылап, Орусиядан “Нива” алдырып берсек”, – дейт депутат Сайдулла Нышанов.

Анын маалыматында, Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн ар бирине транспорттук чыгаша үчүн бюджеттен жылына 70 миң сомдон бөлүнөт.

“Аймактарды өнүктүрөбүз деп көп нерселерди айтып жатабыз. Региондордо иштеген айыл өкмөттөр 10 жылдан ашкан эски транспортту бир күн минип, он күн оңдотуп жатат. Мына ошол менен биз аймактарды кантип өнүктүрөбүз? Качан муну чечебиз?” – деп суроо салды.

Нышанов айыл өкмөт, акимдерден сырткары, губернаторлордун да кызматтык машинасы жүргөнгө мүмкүн болбой калганын айтты.

“Азыр Орусия менен мамилебиз жакшы болуп калды. Кубатбек Айылчиевич, сиз чалып, арзандатуу менен алып берип койсок, 10 жылга маселе чечилет эле”, -деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе көйгөйлүү болуп жатканын, экинчи жарым жылдыкта бюджеттин кошумча булактарында каражат болсо, чечүү аракетин көрүшөрүн билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда 44 район, 453 айыл өкмөт бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of