Кантта 12 жаштагы баланы унаага күчтөп отургузуп уурдап кетишти. Видео

Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы уурдап кетишти. 

Окуя бүгүн, 11-апрелде саат 08.40та болгон. Өспүрүм мектепке бара жаткан. Аны элдин көзүнчө сүйрөп машинага салып жаткандардын видеосу интернетте тарап жатат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Кантта 12 жаштагы баланы унаага күчтөп отургузуп уурдап кетишти Кантта белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы уурдап кетишти. Окуя бүгүн, 11-апрелде саат 08.40та 2-кичирайондо болгон. Өспүрүмдү элдин көзүнчө сүйрөп машинага салып жаткандар видеого түшүп калганВидеодон ак түстөгү “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаага жолдо бара жаткан баланы күчкө салып, алып кеткенин көрүүгө болот. Чүй облустук милициясы 12 жаштагы Данил Браилкин уурдалганын “Калыс Медиага” ырастады. Укук коргоо кызматкерлери анын ата-энесин суракка алды. “Адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Чүй облустук милициясы Данил Браилкинди көргөн-билгендер же кайда экенинен кабары барлар төмөнкү телефон номерлер аркылуу маалымдап коюшун суранат: 102, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0(700) 28-26-99

Публикация от КАЛЫС МЕДИА (@kalys.media)

Видеодон ак түстөгү “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаага жолдо бара жаткан баланы күчкө салып, алып кеткенин көрүүгө болот.

Чүй облустук милициясы 12 жаштагы Данил Браилкин уурдалганын “Калыс Медиага”  ырастады. Укук коргоо кызматкерлери анын ата-энесин суракка алды.

“Адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Милиция Данил Браилкинди көргөн-билгендер же кайда экенинен кабары барлар төмөнкү телефон номерлер аркылуу маалымдап коюшун суранат:

102, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0(700) 28-26-99.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of