Саламаттыкты сактоо министрлиги: үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы эки эсе көбөйдү

Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы тажрыйбасына карап 18-28 миң сомго жетти. Оптимизациянын жыйынтыгында маяна дээрлик эки эсе жогорулаган, – деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. 

Алардын маалыматына караганда, азыр кошумча төлөмдү 1 миң 134 үй-бүлөлүк дарыгер алып жатат. Маяна чегерүүнүн жаңы механизми киргизилген.

Оптимизациядан кийин Бишкекте төрт үй-бүлөлүк борбор калып, анда үй-бүлөлүк дарыгерлердин 99 тобу иштеп жатат.

“Өкмөттүн былтыркы жылдын аягындагы токтомуна ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын айлык акысы баалоо карталарынын жыйынтыгында аныкталат, ошол эле учурда айлыктын негизги кепилденген бөлүгү өзгөртүүсүз калган”, – дешти министрликтен. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of