Шахмат боюнча алтын медаль уткан Айжанды жакындары тосуп алышты

Шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан кыргызстандык шахматчы кыз Айжан Съездбекова курама команда менен бирге Шри-Ланкадан Бишкекке учуп келди.

Аны бүгүн, 11-апрель саат 4:40та “Манас” аба майданынан шахмат федерациясынын президенти Мирлан Турпанов, педагог Асылбек Жоодонбеков, спортчу кыздын ата-энеси, мугалимдери жана классташтары тосуп алышты.

Шри-Ланкада өткөн балдар жана кыздар арасындагы турнирде Айжан Съездбекова 10 жашка чейинкилердин ичинен сегиз атаандашын утуп, алдын ала алтын медаль жеңип алган.

Турпановдун айтымында Айжан Съездбековадан башка 2 спортчу байгелүү орунга ээ болушкан. Алар Эржан Жакшылыков күмүш, ал эми Зайырбек кызы Бегимай коло медаль утуп алышкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика