Жээнбеков коррупция менен күрөш кандай нукта жүрүп жатканын айтты

Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5,7 млрд. сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр реалдуу ишке ашырыла баштаганын белгилеп, коррупция менен системалык күрөш уланып жатканын билдирди.

“Коррупция менен күрөшүү, укук коргоо жана сот органдарын, жалпы мамлекеттик бийликти алдым-жуттумдардан тазалоо ишинде эч качан компромисс болбойт. Коомду коррупциядан тазалоо процесси токтобойт, артыкчылыктуу багыт катары уланат”,-деп ишендирди Жээнбеков.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика