Бишкек: жол оңдоо үчүн үйлөр менен мейманканалар бузулат

Бишкекте Түгөлбай ата көчөсүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу 18 объектини сүрдүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 1 унаа жуучу жай, 6 турак үй, 5 мейманкана, ээн турган 1 имарат, 1 завод жана 3 гараж кооперативи бузулат.

4 объект ээлеринин сүрдүрүү иштерине каршылык көрсөтпөө боюнча кепилдик каттары бар. Мэрия калгандарын бузуу тууралуу сотко кайрылды.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, Түгөлбай ата көчөсүнүн (мурдагы Линейная) Ибраимовдон Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгүн оңдоо пландалууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика