Өкмөт башчы Искандаровду эмнеге иштен айдаганын айтты

Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров мамлекеттик кызматтык этиканы бузганы үчүн жумуштан кетти. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

“Ал ар кайсы кептерди айтып жүргөн. Жеңиш Разаков азыр айыптоолор далилденбей, иштеп жатат. Эгер Разаковдун күнөөсү тастыкталса, анда бул кишиге да чара көрүлөт. Бирок ошондой нерсени (Разаков – тажик агенти деген маалыматы – ред) мага айтпай, башка жакта айтып жүргөнү кызматтык этикага жакпайт. Ал сөздү таратып жүргөнү тастыкталды, ушул жерде кесиптештер айтпады беле. Искандаров өзү да мойнуна алды”, – дейт премьер.

Өкмөт ушул тапта бул кызматка эки талапкерди карап жатат. Кийинки аптада чечим кабыл алынат.

Курбанбай Искандаров 9-апрелде өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү кызматынан өз арызы менен бошотулган.

Курбанбай Искандаров бул кызматта 2012-жылдан бери иштеп келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика