Жээнбеков менен Германияга кимдер кетти? Тизме

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул тапта эки күндүк иш сапары менен Германияда жүрөт. 

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, визит учурунда мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумуна катышат, Х.Зайдель атындагы фонддо сөз сүйлөйт, айыл чарба ишканасына барат жана Германияда окуп, иштеп жаткан мекендештер менен жолугат.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Германияга кеткен расмий делегациянын курамы:

Чыгыз Айдарбеков  – тышкы иштер министри;

Данияр Сыдыков – президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси;

Эринес Оторбаев – Кыргызстандын Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Айнуру Алтыбаева – Жогорку Кеңештин депутаты;

Айбек Алтынбеков – Жогорку Кеңештин депутаты;

Жунус уулу Алтынбек – Жогорку Кеңештин депутаты;

Бактыгүл Жеенбаева – каржы министри;

Олег Панкратов – экономика министри.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика