Айгүл тоого туристтерди тартуу үчүн жаңы долбоор даярдалат

Баткендеги Айгүл тоонун айланасын көрктөндүрүү, сейрек кездешкен айгүл гүлүн сактап калуу менен туристтерди тартуу үчүн жаңы долбоор даярдалышы керек. Мындай тапшырманы өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров “Айгүл таш” ботаникалык коругунун абалы менен таанышкан учурда айтты. 

Мадумаров эс алуучулар үчүн Айгүл тоонун айланасындагы шарт талапка жооп бербейт деп айтты. Ал Баткен районунун акимине, Кара-Булак айыл аймагынын башчысына, экология жана токой чарба кызматтарынын жетекчилерине эс алуучулар үчүн зарыл болгон негизги шарттарды жаратууну, тоонун айланасын көрктөндүрүү,  туристтерди тартуу үчүн жаңыдан долбоор даярдоо тапшырмасын берди.

Мындан сырткары Айгүл-Таш айылына келген жолду асфальттоо, унаа коюучу, тамактануучу жайларды уюштуруу, эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.

Бул иштердин аткарылышына өкүл бир жыл убакыт берди.

Айгүл гүлү дүйнөдө сейрек кездешкен гүл катары кызыл китепке кирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of