Ош милициясы 16 жаштагы кызды ала качуу фактысы боюнча маалымат берди

"Ала качуу" тасмасынан кадр

Ош шаарында “никеге туруу үчүн мажбурлап, алып качып кетти” делген кыз өз эрки менен эле сүйлөшүп жүргөн жигитинин үйүнө барган. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү 52 жаштагы аял 2003-жылы төрөлгөн кызын алып качып кетти деп арыз менен кайрылган. Ал кызын жаш ѳспүрүм экендигин билип туруп, никеге туруу үчүн мажбурлаган Кара-Суу районунун тургунун жазага тартууну ѳтүнгѳн.

Тергөө амалдарынын журүшүндө 16 жаштагы кыз ала качып кеткен жигит менен мурдатан тааныш экендиги жана буга чейин бир нече жолу жыныстык катнашка зордук-зомбулуксуз эле барып жүргѳндүгү белгилүү болду. 

“Ала качкан учурда кыз ѳз эрки менен жигиттин үйүнѳ кирген. Эч ким күч колдонбогондугун, өз каалоосу менен келин болуп келгендигин айтып, аны тил кат аркылуу тастыктап берди”,- деп айтылат билдирүүдө. 

Учурда бул факты боюнча окуянын жагдайларын толук, ар тараптуу изилдѳѳгѳ багытталган ыкчам тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүп жатат. Кыздын денесиндеги жарааттары бар же жоктугун аныктоо жана алынган кийимдери боюнча соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика