Анжелика аны “Дөө Чыңгызга” байланыштырган сайтты сотко берди

0

Ырчы Анжелика “Назарньюс” сайтын сотко берди. Бул тууралуу ал Инстаграмда билдирди.

“Назарньюс” сайты 16-апрелде “Кримтөбөл “Дөө Чыңгыз” Анжеликанын үйүнөн кармалдыбы?” деген жаңылыкты жарыялаган.

“Кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловду ырчы Анжелика Бекболиеванын үйүнөн кармаганын айтышууда… Соңку убакта Анжелика үчүн Марат Назарбековду “каралар” издей баштаганы ыраспы? Билеги жоон буура сандар жылдыздуу жигитти мертинтип коюшпайбы”, – деп айтылат маалыматта.

Анжеликанын айтымында, “Назарньюс” ырчы тууралуу эки жылдан бери ар кандай такталбаган маалыматтарды чыгарып келет.

“Назарньюс” сайтынын редактору Гүлжан Шерипбаева бул жагдай боюнча комментарий берди.

“Сотко бере берсин. Анжеликага байланыштуу көп чындыктын бети ачылат. Ал жөнүндө эл арасында деле маалыматтар айтылып жүрбөйбү. Канча кийимдердин дизайнын уурдаганы, канча адамды алдаганы. Ошол маселелердин баарын “черныйлар” аркылуу чечтирген”, – дейт Шерипбаева.

Редактор Анжелика тараптан сайтка карата ар кандай мүнөздөгү чабуулдар болгонун, бирок басылма ага эч кандай реакция жасабай  келгенин кошумчалады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of