Калнур Ормушев: жакында саясий сахнага жаңы президенттик партия чыгат

0

Юстиция министрлигинин электрондук базасындагы КСДП партиясынын ээси өзгөрүлүп, Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахмановдун лидер болуп калышы боюнча саясат таанучу Калнур Ормушев Kaktus.media агенттигине комментарий берди. 

– Бул чечимдин саясий кырдаалга, президентке жана Атамбаевге кандай кесепети болот? 

– Абдрахманов жана Атамбаев өткөргөн эки съездде тең олуттуу саясатчылардын болбогондугу КСДП алсыздап бара жаткандыгына кабар берген. Ошол күндөрү депуттат Асылбек Жээнбеков да партиядан чыгып кетти.

Мунун баары КСДПны соттук териштирүүлөргө батырып, келерки парламенттик шайлоого чейин партия БШКдан кайра каттоодон өтпөй калышына болгон аракетти көрсөткөндөй.

Менин оюмча жакында сахнага жаңы президенттик партия чыгат. Ошондуктан, өзүнүн келечегин ойлогон саясатчылар, съездге барган жок. Ал жыйындарга узакты көрө албагандар, жеке же башка кызыкчылыкты ойлогондор барып калышты.

Азыркы президент де-юре саясаттан сыртта турат жана бул тартыштан алыс болуу мүмкүнчүлүгү бар. А Юстиция министри – саясий кызмат, ошондуктан саясий реалдуулукту эске алып жатат.

Бирок рейдерлик басып алуу жөнүндө айтуу акылсыздык. Себеби, башка өлкөрлөрдөгү партиялардын тарыхы көрсөткөндөй, анын ичинде КПССтин пайда болушу партия демократиялык централизм менен иштей турганын айгинелеп турат. Рейдерлик басып алуу деген түшүнүк жок. Ал саясий көпчүлүк каякка бурулса, ошол тарапка карап басат. Партия өзүнүн векторун алмаштыра алат: бирде Сталинди мактап же урушуп, кээде Хрущевду жамандап же мактап…

Соттошкондон сырткары Атамбаев үчүн дагы кандай кесепеттер бар? 

– Эми баары айкын көрүнгөндөй. Атамбаев саясий жактан банкрот болуп жатат. Ал болгону кимди капа кылган болсо, андан кечирим сурап, кимдир бирөөнү тартканга аракет гана кылганга мажбур. Аны менен бара турган жайы жок же саясий эмес башка кызыкчылыгы барлар калды.

Менимче Атамбаевдин экинчи өңүтү чоң ролду ойнойт. Буга чейин аны ири геосаясий оюнчулар колдонуп келсе, эми жергиликтүү саясатчылар пайдаланышат. Бул саясий өмүрдүн эң начар жыйынтыкталышы, бирок мыйзам ченемдүү.

– Абдрахманов бул жеңишке жогорку саясий чөйрөнүн жардамысыз жетмек беле?

– Белгилүү эле да, Абдрахманов мындай саясий тобокелдикке олуттуу колдоосуз бармак эмес.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of