“Ак-Сүт” ишканасы сүттүн баасын 25 сомго чейин көтөрүүгө даяр

Өкмөттүн басма сөз кызматы

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы «Ак-Сүт» сүттү кайра иштетүү заводунун иши менен таанышты.

Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаевдин айтымында, сүттү кайра иштетүүчү мындай заводдор Ош, Нарын жана Талас облустарында ачылып, ийгиликтүү иш алып барууда.

Өкмөт башчы мындай алдыңкы компаниялар фермерлер жана дыйкан чарбалары менен кызматташуунун жаңы стандарттарын пайдаланып, өз ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун натыйжалуу формаларын киргизүүсү зарылдыгына  токтолду.

«Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек. Өткөн жылы айрым райондордо 1 литр сүттү сатып алуу баасы 13 сомго дейре түшкөн жана жарандар бааны тийиштүү деңгээлде кармап калууда көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Рынокто мындай абалга жол берилбеши керек. Адамдардын тийиштүү киреше алууга болгон үмүтү басаңдаган», – деди өкмөт башчы. 

Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев сүттү сатып алуу баасын 25 сомго дейре жогорулатууга даяр экендигин билдирди.

«Дыйкандарыбыздын эмгеги акталышы керек. Калктын сатып алуу баасы ар кандай жана ортомчу түзүүмдөрдүн иш алып баруусуна жараша ар дайым эле жогору боло бербейт. Мындай ишканалар калктан сатылып алынып жатан сүттүн баасын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөсү тийиш. Дыйкандар чарба жүргүзүүдөн жетиштүү түрдөгү киреше алып, малдын башын көбөйтүүгө жана анын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алат. Мунун өзү айылдардагы жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жакшыртуу үчүн абдан маанилүү саналат», – деди Абылгазиев. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of