Алишер Мамасалиев: КСДП акырындык менен жок болушу мүмкүн

Экс-депутат, мамлекетти башкаруу системасы боюнча эксперт Алишер Мамасалиев “Марал” радиосуна интервью берип жатып, КСДП акырындык менен жок болушу мүмкүн деди. 

Ал партиянын айланасындагы акыркы окуяларга баа берип, КСДПны чөгүп бара жаткан кемеге салыштырды.

КСДП келечекте жок болушу мүмкүн. Атамбаевсиз КСДП, Атамбаев менен КСДП болобу бүгүнкү күндө саясий Титаникке айланды“, – дейт Мамасалиев.

Ал Юстиция министрлиги партияны башка адамга каттоо менен жаңылыштыкка жол берди деп эсептейт. Себеби, эки тараптын тең документтери болгон үчүн маселени сот чечиши керек эле.

Юстиция министрлигинин чечими бир гана КСДПга эмес, жалпы партиялык системага өтө чоң зыян алып келди. Таң калычтуусу, партиянын тартып алынышы боюнча кечээ депутаттардан бир гана Ирина Карамушкина чыгып каршы пикирин айтты. Бул учурда бардык фракция лидерлери окуяга саясий баа бериш керек эле. Себеби, бул кырдаал эртең партия лидерлеринин өздөрүнө башына да туш келиши мүмкүн“, – деди Мамасалиев.

Эскерте кетсек, 16-апрелде Юстиция министрлигинин базасындагы КСДПга тиешелүү маалыматтар өзгөртүлгөн. Партиянын ээси катары Атамбаевдин аты Абдрахмановго алмашкан. Ошондой эле партиянын дареги да башка болуп калган.

Юстиция министрлиги КСДП ээси тууралуу маалыматты өзгөрттү

Юстиция министрлиги: КСДП тууралуу өзгөртүүлөр мыйзамдуу

Карамушкина юстиция министринин иштен кетишин талап кылды

Калнур Ормушев: жакында саясий сахнага жаңы президенттик партия чыгат

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of