Баткен облустук соту “Айгүл-Таш” коругундагы сүрөт боюнча комментарий берди

Баткен облустук сотунун кызматтык унаасы менен Айгүл–Тоосунда эс алып жүргөн фемида өкүлдөрүнүн аракетинде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Бул тууралуу “Калыс Медиага” облустук соттон кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 18-19-апрель күндөрү Баткен облусунда Кыргызстан сотторунун арасында кезектеги кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Республиканын ар кайсы аймактарынан келген меймандарды Баткен облустук сотунун кызматкерлери Айгүл гүлүн көрсөтүү үчүн алып барышкан. Бирок, ботаникалык корукка андагы күзөтчү кызматкерлердин уруксаты менен гана кызматтык унаалар киргизилип, кайра чыгарылган.

Эскерте кетсек, кечээ журналист Медербек Ниязалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Баткен облустук сотунун кызматтык унаасы менен Айгүл–Тоосунда эс алып жүргөн адамдардын сүрөтүн жарыялаган. Эреже боюнча корукка автоунаалар киргизилбейт.

Баткен: облус соту кызматтык унаасы менен эс алып жүрөбү? Сүрөт

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of