Үч айда абактардан 5 кг баңгизат, 600 телефон алынды

Сүрөт: Спутник

Январь-мартта Кыргызстандагы абактарда 5 миң жолу тинтүү жүрдү. Жыйынтыгында 600дөн ашык телефон, 500дөй кесүүчү учтуу буюмдар жана 5 кг баңгизаты алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду. 

Абактарда жасалган жакшы иштер да бар. Мисалы, үч ай ичинде ЖАМКтын ишканалары 20 млн сомдук продукция өндүрдү. Айдоо аянттары 18 гектарга, малдын башы 51ге көбөйдү. Соттолгондордун 38%ы жумуш менен камсыз болгон.



Бирок ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаев мындан да чоң көрсөткүчтөргө жетүү боюнча тапшырмаларды берди – “Келечек” мамишканасы өндүрүштү көбөйтүү, малдын башын миңге жеткирүү, дагы жумуш орундарын түзүү зарыл. 


“Жыл аягына чейин биз өзүбүздү өзүбүз камсыздагандай болушубуз керек. 10%, 20% “үлүш” алууну токтотуу зарыл”, – деди Турганбаев. 


Мындан сырткары быqылкы жылы СИЗО-1 менен 47-түзөтүү абагын Бишкектин сыртына көчүрүү үчүн документтер даярдалат, Жаңы-Жердеги өмүр бою кесилгендер үчүн 19-түзөтүү абагында курулуштар аягына чыгат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика